30-октябрда Грузияда 150 орундуу парламентинин калган 73 оруну үчүн шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Алдын ала жыйынытыктар айтыла элек.
Бул ирет добуш берүүлөр өткөндө талапкерлер 50 пайыздан көп добуш жыйнай албаган бир мандаттуу аймактарда өттү.
8-октябрда өткөн шайлоодо “Грузин кыялы” добуштардын 48,68% жыйнап алдыга чыккан. Экинчи орунду 27, 11 % менен “ Бириккен улуттук кыймыл” партиясы алган.
Жалпысынан Грузин парламентинде 77 депутат партиялык тизме аркылуу шайланат, ал эми 73 депутат бир мандаттуу аймактар аркылуу келишет.
“Грузин кыялы” партиясы шайлоолордо 113 орунга ээ болууну көздөөдө. Эгер алардын бул максаты ишке ашса, конситуциялык өзгөртүүлөрдү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.
“Грузин кыялынын” башкы атандаашы - мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген “ Бириккен улуттук кыймылы".