Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Дөөлөт Сыдыков эл аралык дастанчылар сынагында 1-орунду алды


Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Башкыртстанда өткөн дастанчылардын сынагында 1-орунду алды. Сыдыковдун маалымдашынча, Уфа калаасында өткөн сынакка кыргыз, казак, хакас, ногой, тува, башкыр, якут жана алтай элинин өнөрпоздору катышты.

Сыдыков "Манас" эпосунан "Алмамбеттин окуясын", "Семетейден" "Каныкейдин Тайторуну чабышын" айтып берген.

Дастанчылардын эл аралык сынагы быйыл алгач ирет уюштурулду. Дөөлөт Сыдыков ага "Айгине" фондунун колдоосу менен барган.

XS
SM
MD
LG