30-октябрда өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына ылайык, орусиячыл талапкер Игорь Додон 49,7 пайыз добуш алды. Европачыл Майя Сандуну колдогондор 37 пайыз түздү. Добуш берүүгө шайлоочулардын 49 пайызы келди.
Бирок талапкерлердин эч бири 50 пайыздан көп добушка ээ болбогондуктан, шайлоонун экинчи айлампасы 13-ноябрга белгиленди.
Жекшембидеги добуш берүү соңку 20 жылдагы алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо болду.
1996-жылдан бери Молдовада президентти парламент шайлап келген. Быйыл Конституциялык сот чыгарган чечимге ылайык, молдовандар президентти түз шайлоо укугуна ээ болушкан. (SE)