Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

АКШ Стамбулдагы дипломаттардын жакындарын үйгө кайтууга чакырды


АКШ элчилиги. Анкара.

АКШ мамлекеттик департаменти Стамбулдагы АКШ консулдугунда иштегендердин үй-бүлө мүчөлөрүн мекенге кайтууга чакырды. Департаменттин сайтындагы кабарга ылайык, экстремист топтордун ыктымал чабуулдарына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды.

Бул сунуш Стамбулдагы Башкы консулдукка гана таандык болуп, башка аймактагылар адаттагыдай иштеп жатышат.

Ошондой эле АКШ террор коркунучуна байланыштуу Түркияга барбай туруу керектигин жарандарына эскертти.

Бул өлкөдө соңку кездери жардыруулар көп болууда.

Быйыл жайында Түркиядагы төңкөрүш аракетинен сон ал жактагы америкалык дипломаттардын үй-бүлөлөрү эвакуацияланып, кийинчерээк кайра барышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG