Нарын шаарынын четинде "Ат-Башы" ГЭСинин жанында жайгашкан "Достук" айылынын жашоочулары президенттин тапшырмасын аткарбай жатат деп өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө нааразылык билдирип жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулардын атынан айыл тургуну Заембек Осмонов "Азаттык" радиосуна кабарлады.
Анын билдиришинче, былтыр сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Нарын облусун кыдырган учурда айылдыктардын таза суу, канализация көйгөйлөрүн чечүү үчүн акча бөлүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырып, президенттик фонддон да каражат берилерин айткан:
- Бирок, бир жылдан бери ал тапшырма аткарылбай, "Ат-Башы" ГЭСинин жылуулук берүүчү системасы иштебей, айыл эли үшүп-тоңуп отурабыз. Баарыбыз нааразы болуп жатабыз. Айыл өкмөт акимди, анысы губернаторду, ал болсо президентти укпай, эмне деген өлкө болуп калганбыз?
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн бул багытта маалымат алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек. Айыл эли эгер жылуулук жана башка маселелер чечилбесе, жогорку бийликке кайрылуу ниетин билдиришти.
Нарын районунун "Достук" айылы Советтер Союзу маалында гидроэнергетиктердин шаар тибиндеги чакан кыштагы болчу. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага айыл өкмөтү макамы берилген. Миңге чукул адам жашаган айылга "Ат-Башы" ГЭСи жылуулук берет. (NT)