"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев партиялар күчтүү болушу үчүн парламенттик шайлоо чегин 9 пайызга жогорулатып, жергиликтүү кеңештерге 7 пайыздык чекти калтырууну сунуштады. Бул тууралуу ал аталган партиянын Бишкекте өтүп жаткан бешинчи курултайында билдирди.
Анын айтуусунда, "Өнүгүү-Прогресс" кыска убакыт ичинде республикалык деңгээлдеги партияга айланды. Төрөбаев партия үчүн жергиликтүү шайлоого катышуу маанилүү экенин кошумчалады.
Аталган партиянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 570 делегат катышууда. Анда алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу, өлкөдөгү саясий абал жана партиянын ишмердиги, Бишкек шаарынын партиялык стратегиясын бекитүү маселери каралып жатат. (NT)