Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрү парламенттик шайлоонун жекшембиде өткөн экинчи айлампасында 50 бир мандаттуу аймактын 48инде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясы маалымдады. Калган эки аймакта көз карандысыз талапкерлер алдыга чыгышты. Мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвили негиздеген “Грузин кыялы” партиясы 8-октябрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын 48,68% жыйнап алдыга чыккан.
150 орундуу Грузин парламентине 77 депутат партиялык тизме аркылуу шайланат, 73 депутат бир мандаттуу аймактар аркылуу келет. Шайлоонун экинчи айлампасы 8-октябрда талапкерлер 50 пайыздан көп добуш жыйнай албаган бир мандаттуу аймактарда өттү.
Жалпысынан “Грузин кыялы” парламенттеги 113 орунга ээ болду.
Андан башка парламентке мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген “ Бириккен улуттук кыймылы", “Грузиянын патриоттор альянсы” да кирди.