Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Президент референдум жөнүндөгү мыйзамга кол койду


Добуш берүү.
Добуш берүү.

Президент Алмазбек Атамбаев "Референдум жөнүндөгү" мыйзам долбооруна 31-октябрда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. Документте референдум өткөрүүнүн жол-жоболорун учурдагы Баш мыйзамга ылайык келтирүү маселеси камтылган. Ошондой эле референдумда жаӊы автоматташтырылган технологиялар киргизилип, жарандардын биометрикалык маалыматтары, электрондук тизме колдонулат. Жогорку Кеңеш долбоорду 26-октябрда үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоп берген.

Мыйзам долбоорду депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Алмамбет Шыкмаматов иштеп чыккан.

Демилгечилер буга чейин аны кенен талкуулабай эле, ыкчам кабыл алуу аракети жүрүп жатканын айтып, нааразы болуп келишсе, бийликчил партиялар долбоорду тезинен кабыл алууга чакырышкан.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтүшү мүмкүн. (NT)

XS
SM
MD
LG