Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Казакстанда экстремизмге шектелген сегиз адамдын соту башталды


Караганда облустук сотунун имараты.
Караганда облустук сотунун имараты.

Казакстандын Караганда шаарында ушул жылдын июнь айында Балхаш шаарында экстремизмге шектелип кармалган сегиз кишинин соту башталды.

Аларга "террордук топту негиздешкен", "жардыруучу заттарды жана курал-жабдыкты мыйзамсыз сакташкан жана колдонуп жүрүшкөн" деген айыптоолор коюлган.

Тергөө маалыматына ылайык, айыпталгандар аймакта террордук чабуулдарды, анын ичинде Орусиянын аскер базасына кол салууга ниеттенип жатышкан.

Ушул жылдын июнь айында эле Казакстандын Актөбө шаарындагы куралдуу кол салуудан 18 адам мерт кеткен. Алардын бешөө жайкын тургун, үчөө коопсуздук күчтөрдүн өкүлдөрү болгон.

Сотко журналисттер киргизилген жок.

XS
SM
MD
LG