Мындай маалыматты жеке ишкер Абдисаттар Садыков 31-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн түшкү саат 12лерде шериктери менен Баткен-Көк-Таш жолундагы чоң каналда агып бараткан келинди куткарып калышкан. Куткарылган келин өзүн Тажикстандын Чорку айылынын 21 жаштагы тургуну Малика Илхомзода деп тааныштырган жана жолдошу менен ажырашып кеткенин, үйүндө да жакшы эмес абал жаралып, өзүн сууга таштаганын айткан. Куткарылган келин чек арачыларга тапшырылып, тийиштүү кагаздары толтурулган соң коңшу мамлекеттин чек арачыларына өткөрүлүп берилди. (JsA)