Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

АКШ: демократтар ФБРди айыпташты


АКШ сенатындагы демократтардын лидери Гарри Рид.
АКШ сенатындагы демократтардын лидери Гарри Рид.

АКШ сенатындагы демократтардын лидери Гарри Рид ФБРди алдыдагы шайлоого таасир этүүнү көздөөдө деп айыптады. Рид ФБРдин башчысы Демократиялык партиядан президентикке талапкер Хиллари Клинтондун жеке сервериндеги электрондук каттарына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан агенттиктин иликтөөсүн ачыктоо менен мыйзам бузганын билдирди.

Мурдараак Коми ФБР Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы кезинде жеке почтасы аркылуу жүргүзгөн жаңы иш каттары табылганын конгресске кабарлаган. Бул жаңылык президенттик шайлоого эки апта калганда маалым болду. Буга чейин Клинтондун жеке почтасы боюнча ачылган иш июль айында токтотулган.

Президенттике талапкер Хиллари Клинтон Коминин бул аракеттери “терең тынчсызданууну жаратат” деп айтты.

Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген. Клинтондун башкы атаандашы Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп.

XS
SM
MD
LG