Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортуна жардыргыч зат орнотулганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Ички иштер министрлиги билдиргендей, имараттан сыртка эвакуацияланган адамдарга кайра кирүүгө уруксат берилди.
Бүгүн кечке жуук Бишкек милициясына белгисиз киши телефон чалып, аэропортко бомба орнотулганын билдирген. Күч органдары жеринде иликтөө жүргүзүп, жардыргыч зат табышкан эмес. Учурда жалган маалымат берген адам изделүүдө.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, телефондон адам өмүрүнө коркунуч келтирген окуялар тууралуу жалган маалымат бергендер жоопко тартылат. (SE)