Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Өзбекстанда абактагы саясатчынын жаза мөөнөтү узартылды


Самандар Куканов жана Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов.
Самандар Куканов жана Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов.

Өзбек бийликтери 23 жылдан бери абакта отурган саясатчы Самандар Кукановдун жаза мөөнөтүн узартышты. Анын буга чейинки жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 6-октябрда эркиндикке чыгаары күтүлүп жаткан.

72 жаштагы Кукановдун туугандары “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришкендей, алар Башкы жаза аткаруу башкармалыгынан кат алышкан. Анда Кукановдун жаза мөөнөтү үч жыл беш күнгө “түрмөнүн ички эрежелерин бузганы” үчүн узартылганы жазылган.

Өзбек ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон Самандар Куканов 1993-жылдын июль айында “мамлекеттик мүлктү ыксыз короткон” деп айыпталып, камакка алынган. Ал 1994-жылы жыйырма жылга абакка кесилген. Бир жарым жыл убактылуу кармоочу жайда отурганы эске алынган эмес.

Анын тарапташтары Кукановго кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келишет.

2014-жылы Кукановдун жаза мөөнөтү дагы үч жылга узартылып, кийин бир жылы кыскартылган.

XS
SM
MD
LG