Пакистан бийлиги National Geographic журналынын бетине чыгып, бүткүл дүйнөгө таанымал болгон ооган аялды күрөөгө бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок ага тагылган айыптоолор алынган жок.
Шарбат Гула 26-октябрда Пешавардагы рейд маалында жасалма документтер менен кармалган. Бир нече күндөн кийин Пакистандын тышкы иштер министри Чоудри Нисар Алихан ал аял болгон үчүн айыптоолор жеңилдетилерин айткан.
Гула 1985-жылы National Geographic журналы Пешавардагы ооган качкындарынын лагери тууралуу жарыялаган макаладан соң белгилүү болгон.
Ооганстандагы негизинен пуштундар байырлаган айылга советтик аскерлердин аба чабуулдары урулуп, Шарбат ата-энесинен ажырап калган. Аскерий фотосүрөтчү Стив Маккарри тарткан ошол кездеги 12 жашар көк көздүү секелектин сүрөтү ооган качкындары көргөн запкылардын символуна айланган. Ал кезде ысымы белгисиз кызды 2002-жылы ошол эле журналдын журналисттери ооган-пакистан чек арасына жакын аймактан табышкан.
Соңку кездери Пакистан бийлиги мыйзамсыз качкындарга каршы активдүү күрөш жүргүзүп келет. Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Исламабад 1,4 миллиондой ооган качкындарын кабыл алган.