Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Украинада аткаминерлер кирешеси боюнча электрондук декларация толтурушту


Украианын мурдагы президенти Виктор Януковичге таандык кымбат баалуу буюмдар.
Украианын мурдагы президенти Виктор Януковичге таандык кымбат баалуу буюмдар.

Украинада аткаминерлер кирешеси боюнча электрондук декларация толтурушту. Бул тууралуу Коррупцияга каршы улуттук агенттик бүгүн билдирди. Анын алкагында жогорку даражадагы аткаминерлер 31-октябрга чейин 2015-жылы тапкан кирешеси жана активдери тууралуу маалыматтарды коомдук электрондук базага киргизди. Мындай чара экономикасы начарлаган Украинада жаңыланууну жана ачык-айкындыкты камсыз кылуу максатын көздөйт. Өнөктүктү Эл аралык валюта кору колдоого алган.

Декларацияда айрым жетекчилер миллиондогон гривендерди накталай акча менен көрсөткөн. Башкалары кымбат-баалуу автоунааларга, швейцариялык сааттарга, зер буюмдага жана бир топ жер тилкелерине ээлик кылаарын жарыялашты.

Өткөн аптада премьер-министр Володимир Гройсман декларация тапшырууну “учактан секирүүгө тете” деп салыштырды. Ал жубайы экөөнүн 1,2 миллион доллары бар экенин, анын 460 миңдейи нак акча экенин, ошондой эле кымбат баалуу сааттардын коллекциясына ээ экенин көрсөткөн.

Базадан маалым болгондой, мурдагы ишкер Гройсман байлыгын нак акча менен кармаган жалгыз саясатчы эмес. “Рейтерс” агенттигинин кабарлашынча, Украина министрлер кабинетинин 24 мүчөсү жалпысынан жети миллион доллардай акчаны нак кармаары белгилүү болду.

Украинада жарандардын орточо айлык маянасы 200 доллардын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG