Орусиянын президенти Владимир Путин 31-октябрда Москва менен Вашингтон ортосундагы зыянсыздандыруу боюнча келишимди токтотуу тууралуу мыйзамга кол койду.
Мурдараак Путин “Валдай” эл аралык клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып бул макулдашууну токтотуу себебин “АКШ өзүнө алган милдеттемелерин аткарбаганына байланыштуу” деп түшүндүрдү. Ал Орусия келишимге ылайык завод куруп, курал-жабдык үчүн колдонулган плутонийди өндүрүш жолу менен зыянсыздандырып жатканда, Кошмо Штаттар башка жолду тандап алганын белгиледи.
2000-жылы эки тарап ортосунда жетишилген макулдашууну жокко чыгарган Орусия бир катар шарттар аткарылса, аны кайра карап чыгууга даяр экенин билдирүүдө. Ал шарттарга АКШ Орусияга киргизген бардык саясий жана экономикалык чектөөлөрдүн алынышы да кирет. Ошондой эле Москва 2012-жылы киргизилген “Магнитский мыйзамын” жана 2014-жылы кабыл алынган “Украинанын эркиндигин колдоо боюнча мыйзамды" жокко чыгарууну талап кылууда.