Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

Аэропорттогу “бомба” тууралуу жалган кабар тараткан адам кармалды


Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортуна жардыргыч зат орнотулганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну Илья Еремеев кылмышка шектелип, колго түштү.

Сурак учурунда аныкталгандай, Еремеев мас абалында милицияга чалып, алдаган. Ал Москвага жумуш боюнча кетип жаткан аялын алып калуу максатында бул ишке кол урганын билдирген.

Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

31-октябрда кечке жуук Бишкек милициясына белгисиз киши телефон чалып, аэропортко бомба орнотулганын билдирген. Мындан улам имараттагы бардык адамдар сыртка эвакуацияланган. Күч органдары жеринде иликтөө жүргүзүп, жардыргыч зат табышкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG