Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Аскаров соту: күбөлөр кыйноого чыдабай көрсөтмө беришкенин айтууда


Сот залы.
Сот залы.

Июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун сотунда аны менен бирге соттолгон алты адам көрсөтмө берип жатышат. Алардын бири Мухаммедзакир Кочкаров укук коргоо органдарынын кыйноосуна кабылганын, күч менен Аскаровго каршы көрсөтмө бергенин билдирди.

- Жылаңач кылып сабап моюнума алдырышкан, - деди ал.

Дагы бир күбө Дилшод Розубаев деген адам милиция кызматкерлери үйүнөн алып кетип, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө ур-тепкиге алганын, колдорун сындырганга чейин кыйнагандан кийин көрсөтмөгө кол коюуну талап кылышканын маалымдады.

65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар жана адвокаттар Аскаров күнөөсүн күч менен моюнга алганын айтып келишет. Тергөө муну менен макул эмес.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу.

4-октябрда башталган сот иши ар аптанын шейшемби күнү Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде өтүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG