Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Казакстан мунай өндүрүүнү азайтуу келишимине кошулган жок


Орусия, Казакстан жана Азербайжан сыяктуу ири мунай чыгарган өлкөлөр ОПЕК (Мунай экспортоочу өлкөлөрдүн уюму) уюмунун мунай өндүрүүнү азайтуу сунушун талкуулап, бирок ал келишимге кошулган жок. ОПЕК уюмуна кирбеген Бразилия, Мексика, Орусия, Казакстан жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн бир чечимге келбегени Нью-Йорк биржасында мунай баасынын 4 пайызга же 49,86 долларга чейин төмөндөшүнө себеп болду.

Дем алышта Венада өткөн жыйындан кийин Казакстандын энергетика министринин орун басары Магзум Мирзагалиев өз өлкөсү мунай өндүрүүнү азайтуу маселесин караштырарын, бирок келишимге кол коюуга даяр эместигин айтты. Орусия жылдын башында өндүрүштү токтотууга чакырганы менен ОПЕК уюмунун шартына көнүүдөн карманып турат. Жыл башынан бери мунайдын бир баррелинин баасы 30дан 50 долларга чейин жогорулады.

ОПЕК уюму мунай баасын көтөрүү максатында өндүрүштү убактылуу кыскартуу чечимин кабыл алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG