Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Пакистанда иштен чыккан кемедеги жарылуу адам өмүрүн алды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Пакистанда иштен чыккан кемелер топтолгон жайдагы жарылуулардан 7 жумушчу мерт болуп, 50дөн ашыгы жаракат алганы кабарланууда. Гадани аттуу бул жайдын жүздөй жумушчусу иштен чыккан мунай кемесин талкалап, майда бөлүктөргө ажыратып жатканда кемеде жарылуу болгон.

Пакистандын жергиликтүү маалымат каражаттары кеминде 30 адам дайынсыз жоголуп жатканын кабарлады. Өрт чулгаган кеменин ичиндеги жумушчулар сыртка чыга албай калгандыктан бийлик курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деп билдирди.

Иштен чыккан кемелерди талкалоочу бул аймак Пакистандын Карачи шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал деңиз жээгинде 10 чакырымга созулуп жатат. Бул дүйнөдөгү кемелерди талкалоочу үчүнчү ири жай. Анда 6 миңдей киши иштейт. (KKs)

XS
SM
MD
LG