"Ата Мекен" партиясы Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоого катышпай тургандыгы жөнүндө билдирүүнү 1-ноябрда таратты. Партия Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы көз карашын жарыялагандан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген көптөгөн мүчөлөрү, партиянын тарапкерлери ар кандай себептер менен жумуштан айдалганы, кээлерин бийлик өз каалоосу менен арыз жазууга мажбурлаганы айтылат.
"Талапкерлерге түздөн-түз же алардын туугандары аркылуу басым болду. Мындан улам шаардык активисттер өз бизнесин жана жакындарынын коопсуздугуна коркунуч туудурбоону чечишти. Коркутуп-үркүтүү президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарды "эл душманы" деген бир нече жолку билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыкты. Мындай пикир менен президент күч органдарын жана жергиликтүү бийликти саясий каршылаштарды жазалоого түрттү", - деп жазылган.
Партия талапкерлеринин Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоого катышпоо тууралуу чечими бийликтен кооптонуу жана ага ишенбөөчүлүк күч экенин, өлкөдө "саясий террор" бардыгын далилдегени белгиленген.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-декабрда өтөт. (NT)