Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

БУУ: ИМ тобунун Мосулдагы кыргыны уланууда


Мосулду согушкерлерден бошотуу операциясы.
Мосулду согушкерлерден бошотуу операциясы.

Бириккен Улуттар Уюму Ирактын Мосул шаарындагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун кыргыны тууралуу жаңы маалыматтар келип түшкөнүн билдирди.

Уюмдун адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Равина Шамдасанинин айтымында, 29-октябрда согушкерлер мурдагы 40 ирактык офицерди өлтүрүп, аларды Тигрис дарыясына ыргытып жиберишкен.

Мындан тышкары ИМ тобу Мосулдан 15 чакырым алыстыктагы Хаммам аль-Алил шаарчасынан 25 миңдей жөн-жай тургунду ташып келүүгө аракет кылган. Уюм согушкерлер өз позицияларын коргоо үчүн жайкын тургундарды тирүү калканч катары колдонгусу келген деп жоромолдоп жатат.

Үч күн мурда БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейн согушкерлер Мосулдун жанында жети миңдей жайкын тургунду уурдап кеткенин билдирген.

Өткөн аптада жоочулар Мосулдун аль-Газлани аскердик базасында 232 жөн-жай тургунду жана ирактык 190 офицерди атып өлтүргөнү кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG