Кыргызстанда 2-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Суусамырда түнкүсүн -8…-13, күндүз 3…8;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус жылуу.
Бишкекте 2-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градуска чейин жогорулайт.
4-ноябрдан тартып өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөйт. Маал-маалы менен жаан жаап, аягы карга айланат.