Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Бишкекте майыптарга камкордук акциясы башталды

Бир айлык акция майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулууда. Шаардык саламаттык сактоо департаменти билдиргендей, иш-чара 1-ноябрдан 1-декабрга чейин уланат. Анда майыптар үйлөрүндө мүмкүнчүлүгү чектелгендер акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Ошондой эле аларга жардам берүү, камкордукка алууга багытталган акциялар, иш-чаралар өтмөкчү.

Майыптардын эл аралык күнү 3-декабрда белгиленет. Өлкөдө расмий каттоого алынган майыптардын саны 180 миңге чукул. Анын 28 миңден ашууну балдар. (NT)

XS
SM
MD
LG