Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Мирлан Мурзаев улуттук курамада убактылуу ойнобойт


Мирлан Мурзаев оюн учурунда.
Мирлан Мурзаев оюн учурунда.

Түркиядагы “Ушакспор” футбол клубунда келишим менен ойноп жаткан чабуулчу Мирлан Мурзаев Кыргызстандын улуттук курамасынын ноябрь айындагы жолдоштук беттештерине катышпайт. Түркияда ал ойноп жаткан команданын маанилүү оюндарынан улам ушундай чечим кабыл алынганын футболчу өзү “Азаттыкка” билдирди.

-Азыр Түркиядагы чемпионатта 2-3 ири беттешүүлөр бар. Бул таймаштар түрк командасы үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан бул жактагы машыктыруучулар кыргыз курама командасынан суранышып, мени жиберишкен жок. Эки тарап ушундай чечимге келишти.

Мурзаев кийинки беттештерге сөзсүз катышарын айтууда.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, Мурзаевдин ордуна улуттук курама команданын катарына “Дордой” клубунун оюнчусу Мирбек Акматалиев чакырылды.

26 жаштагы чабуулчу Мирлан Мурзаев быйыл 1-июлдан тарта Түркиянын “Ушакспор” командасында ойноп келүүдө. Ага чейин Түркиянын “Деңизлиспор” жана “Афжет Афйонспор”, Бишкектин “Дордой”, Москванын “Локомотив”, Израилдин Петах-Тиква шаарынын “Хапоэль” клубдарынын намысын коргоп жүргөн. 2009-жылдан бери Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.

Улуттук курама команда Бишкектеги футбол борборунун базасында 1-ноябрда эл аралык беттештерге машыгууларын баштады. (ElB)

XS
SM
MD
LG