Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:15

Айылдык кеңештерге талапкер каттоонун эрежеси өзгөрөт


Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин 30% аялдар жана башка этнос өкүлдөрү болушу милдеттүү эреже катары киргизилет. “Шайлоо жөнүндөгү мыйзамда” жергиликтүү кеңештерге талапкер каттоого байланыштуу шарттар өзгөртүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо системасына ушундай өзгөртүү киргизүү боюнча 2013-жылдын 22-майында жарлыкка кол койгон. Анын негизинде жумушчу топ түзүлгөн. Өкмөт өкүлдөрү, депутаттар жана жарандык коомдон турган топ мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалайгүл Исакунова “Азаттыкка” билдирди:

-Буга чейин Жогорку Кеңешке жана шаардык кеңештерге ат салышып жаткан партияларда гендердик теңчилик жана башка улуттардын кызыкчылыгын коргогон талаптар бар эле. Айылдык кеңештерге талапкер өзүн өзү көрсөткөндүктөн, бул эреже болгон эмес. Депутаттыкка аттанган адам 5000 миң сом күрөө коюшу керек жана башка чыгымдары бар. Аялдарда каражат жагынан мүмкүнчүлүк азыраак. Ошондуктан, айылдык кеңештерге көбүнчө акчалуулар депутат болуп келет.

Жогоруда айтылган мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Анда жаңы мыйзам эрежелерин сактоо талап кылынат. (SE)

XS
SM
MD
LG