Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

ФБР башчысынын хакерлер боюнча позициясы сынга кабылды


АКШнын Демократиялык партиясынын лидерлери Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Жеймс Комини хакердик чабуулдар боюнча Орусиянын атын атоодон баш тартканы үчүн сынга алышты. Алар демократтардын электрондук почталарын бузуп кирген хакерлердин артында Орусия турат деп ишенишет. Орус тарап бул дооматтарды четке кагып келет.

Сенаттын башкы демократы Гарри Рид “сезимтал маалыматка карата кош стандарттуулукка жол берди” деп Комини айыптады.

Коми Коопсуздук департаменти жана Улуттук чалгын кеңсесинин Орусияны хакердик чабуулдар боюнча айыптаган биргелешкен билдирүүсүнө кошулбай койгон.

Бир канча күн мурда ФБР президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун мамлекеттик катчы кезиндеги жеке электрондук почтасындагы жаңы иш каттарын тапканын жарыялаган. Демократтардын президенттик талапкери Клинтон ФБРдин башчысын каттар тууралуу толук маалымат бербегени үчүн сынга алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG