Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Түркия Ирак чегине аскердик техникасын жөнөттү


Силопинин жанындагы өткөрмө пункту.
Силопинин жанындагы өткөрмө пункту.

Түркия Ирак менен чектешкен түштүк-чыгыштагы аймагына танкаларын жана оор артиллериясын алып келди. Түрк өкмөтү зарылчылык жаралса, бул аскердик техникалар Иракка жөнөтүлүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

Түркиянын аскердик техникалар жеткирилген Силопи аймагы Ирактын түндүк чек арасына жана Мосул шаарына кете турган стратегиялык кара жолго жакын жайгашкан.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара коопсуздугуна шек келе турган болсо, Иракка кургактан операция башташы мүмкүндүгүн айткан.

Ирактын өкмөтү Түркияны Мосул операциясынан алыс турууга чакырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG