Тактала элек 49 чек ара аймагы боюнча сүйлөшүүлөр Ош жана Баткен шаарларында 22-октябрдан 31-октябрга чейин уланды. Соңунда макулдашуулар боюнча протоколго кол коюлду. Анын жыйынтыгын өкмөт азырынча маалымдай элек.
“Жолугушуу 26-октябрда эки мамлекеттин лидерлери телефондо сүйлөшкөндөй, өз ара түшүнүү маанайында өтүп, тараптар бул маселе ийгиликтүү чечилишине кызыкдарлыгын көрсөтүштү”,- деп маалымдады расмий Ташкен.
Кийинки жолугушуулар Өзбекстанда өтөт.
Эки өлкө ортосунда 1378 километр жер чектешет. Анын 1054 километри такталган. Талаштуу аймактар элүүдөн ашуун экени айтылып келет. (SE)