Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат болгон Нурмухаммед Баяхунов ант берди. Спикер Чыныбай Турсунбеков жана эл өкүлдөрү анын ишине ийгилик каалашты.
52 жаштагы Баяхунов мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин ордуна келди. Ал буга чейин Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштечү. БШК ага 31-октябрда мандат тапшырган. Ал эми Мискенбаев 28-октябрда мандатын тапшырып, мындай кадамга парламенттин саясий оюндардын чордону экенине көзү жеткен соң барганын айткан. (NT)