Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Аксы: өзбек чек арачылары жылкыларды кайтара элек


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Райондун Кербен шаарынан өткөн жумада Өзбекстан тарапка өтүп кеткен 25 жылкы жана жылкычы кайтарыла элек. Бул тууралуу район акими Медетбек Айдаралиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Жайыт жерде чек ара ачык болгондуктан жылкылар оттоп жүрүп чек ара тилкесинен өтүп кеткен, аны кайтарган жаранды да өзбек чек арачылары ичкери алып кирип кетишкен. Азыркы учурда аларды өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өткөн айда да ондон ашык жылкыны өзбек тарап кайра кайтарып берген.

Аксы району Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Он эки участок эки мамлекеттин ортосунда талаш жаратып келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG