Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Чубак ажы: Фетхуллах Гүлен чыныгы даанышман


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Мындай пикирин кыргызстандык аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Фетхуллах Гүлен чыныгы даанышман, ойчул, философ. Ал ислам динин китеп, сөз аркылуу эмес, өзүнүн аракети, иши менен көрсөтүп берген, мусулманчылыкты жашоого киргизген жыйырма биринчи кылымдагы залкар инсан. Чубак ажы Жалилов Гүлен жана анын жактоочулары жакшы иштеринен улам куугунтукка кабылып жатат деген ойдо:

- Мен саясатчы эмесмин. Бирок “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген макал Фетхуллах Гүлендин кысымга кабылып жаткан себебин түшүндүрөт. Анткени, адамдарда таасир талаш, кызганыч болот. Экинчиден, мөмөлүү даракка таш ыргытылып жатат. Алардын чындап иштеп жатканын айгинелейт. Кызматтагылар эч ким маани бербеген, эт менен челдин ортосунда жүрбөй, эл, ыйман үчүн иштеп жаткандыктарына байланыштуу аларга карата акыйкатсыздык болууда деген пикирдемин.

Түрк бийлиги Гүлендин “Хизмет” кыймылы менен байланышта болгон бардык уюмдарды “ФЕТО” деп атап, төңкөрүшкө умтулган, “террорчулар” катары күнөөлөп келет. Гүлендин миңдеген тарапкерлерин жумуштан айдап, куугунтуктоодо.

АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлен расмий Анкаранын айткандарын куру доомат катары сыпаттап, төңкөрүштү бийлик атайылап уюштурганын билдирген.

Түрк бийликтери Гүленди 15-июлда президент Эрдоганга каршы төңкөрүш уюштурган деп айыптап, аны өз мекенине өткөрүп берүүнү Вашингтондон суранган. Кошмо Штаттар Анкара Гүлендин төңкөрүшкө катыштыгы бардыгын ырастаган ынанымдуу далилдерди көрсөтүшү керек деген негизде аны өткөрүп берүүдөн баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG