Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

3-ноябрдын аба ырайы


Коңур күз.
Коңур күз.

Кыргызстанда 3-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Суусамырда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте 3-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 22...24 градус көтөрүлөт.

4-ноябрдан тартып өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөйт. Маал-маалы менен жаан жаап, аягы карга айланат.

XS
SM
MD
LG