Мындай чечим парламенттин 2-ноябрдагы жалпы жыйынында кабыл алынды. Шайлоочулардын тизмесине байланышкан алешемдиктерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына Социал-демократтардан Евгения Строкова, Ирина Карамушкина, Нурмахаммед Баяхунов, Жылдыз Мусабекова, «Кыргызстан» фракциясынан Дастан Жумабеков, Алмаз Токторов, «Өнүгүү-Прогресстен» Алтынбек Жунус уулу, «Бир болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Сайдулла Нышанов кирди.
11-декабрга белгиленген Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында шайлоочулардын тизмесин текшерип чыгууну депутат Бакыт Төрөбаев сунуштады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, ушул күнгө карата шайлоочулардын такталган тизмеси 2 миллион 805 миң адамды түзөт.
Буга чейин жергиликтүү кеңештерге өткөн добуш берүүлөрдө шайлоочулардын аты-жөнү өздөрү туруктуу жашабаган башка аймактардан чыккан жана өздөрүн шайлоо тизмеден таба албай калгандар болгон. (NT)