Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

АКШда демократтар Дональд Трамп боюнча иликтөөнү жарыялоого чакырды


"Трамп мунарасы".
"Трамп мунарасы".

АКШ президенттигине талапкер, демократ Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүнүн уюштуруучусу Федералдык иликтөө бюросун – ФБРди республикачыл талапкер Дональд Трамптын Орусия менен байланыштары боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарууга чакырды. CNN телеканалына берген маегинде Робби Мук эмне себептен ФБРдин директору Жэймс Коми өткөн аптада Клинтондун жаңы табылган электрондук кат алышуулары текшерилип жатканын жар салып, ошол эле маалда Орусия менен Трамптын байланыштары иликтенгенин сөз кылган жок деген кинесин узатты.

Рейтер агенттиги маалымдагандай, ФБР бир нече ай мурун Трамп же анын бизнес шериктери Орусияда күмөн жараткан ишкерликке аралашкан деген шектенүүлөр боюнча алдын ала иликтөө баштап, бирок толук тергөө жүргүзүү үчүн жетиштүү далилдер табылган эмес. Атап айтканда, кеп санкцияларга туш болгон компаниялар же адамдар менен байланыштар тууралуу жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG