Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын жолугушуусу өтүүдө. Анда эки тараптуу алака, экономика, билим берүү, маданият тармактарында кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланууда. Соңунда тараптар бул багытта бир катар документтерге кол коюшат.
Кытай өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен бүгүн келди. Ал 3-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү жыйынына да катышат. (NT)