Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкекке келишти


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери кезектеги саммитке катышуу үчүн Бишкекке келишти.

Өкмөттөн кабарлашкандай, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Өзбекстан премьеринин биринчи орун басары Рустам Азимов, Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзаде жана Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Кыргызстанга келишти.

3-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата юбилейлик саммит болот. Ага катышууга уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын тышкары, Беларус премьер-министри Андрей Кобяков, Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла жана Иран, Индия, Пакистан, Монглиянын расмий өкүлдөрү келишти.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай мүчө. (SE)

XS
SM
MD
LG