Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

УКМКнын алдында саясий куугунтукту токтотууга чакырган акция өтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башкы кеңсесинин алдында саясий куугунтукту токтотууга чакырган акция өтөт. Аны Саясий куугунтуктарды коргоо форуму жана Сөз эркиндигин коргоо комитеттери чогуу уюштурууда. Акция Бириккен оппозициялык кыймылдын быйыл май айында камалган мүчөлөрүн жана жаш активисттер - Максат Кунакунов менен Мелис Аспековду колдоо максатын көздөйт.

Катышуучулар сот эркиндигин жана адилет иликтөөнү талап кылышарын активист Адил Турдукулов “Азаттык” радиосуна билдирди:

-Мен 11 плакат даярдадым. Анда түрмөдө отургандардын ыплас мамилеге тушугуп жатканы тууралуу жазуулар бар. Аларды ошол абактагы кишилердин туугандары кармап турушат. Ички иштер министрлигинен кайрылышып, акцияны бир күнгө жылдырууну суранышты. Себеби, бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болот экен. Бирок ага макул болгон жокпуз. Биз жол тосуу же коомдук тартипти бузуу сыяктуу мыйзамга жатпаган аракеттерди жасабайбыз. Жөн гана конституциялык укугубуздан пайдаланып, талаптарды айтабыз.

Бириккен оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү бийликти басып алууга аракет жасаган деп, жаш активисттер Максат Кунакунов терроризмге байланышы бар деп, Мелис Аспеков бейбаштык кылган деп камалышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG