Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Атамбаев менен Медведев ЕАЭБ маселесин талкуулайт


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевди кабыл алып, энергетика жаатындагы жана экономикалык кызматташтыкты талкуулайт. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министи Сергей Приходько билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан кошулгандан кийинки маселелер ортого салынат.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы жолугушуу түшкө чейин өтөрүн, анда эки тараптуу кызматташуу боюнча мурда түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышы жана миграциянын күнгөй-тескейи да талкууга алынарын “Азаттыкка” маалымдады.

Дмитрий Медведев Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын бүгүн Бишкекте өтө турган саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга кечээ келген. (SE)

XS
SM
MD
LG