Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Москвада Amnesty International уюмунун кеңсеси жабылды


Москвада эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун кеңсеси жабылып, кызматкерлердин кирүүсүнө тыюу салынды. Кеңсе башчысы Сергей Никитин муну бийлик жасаганын билдирип, “зомбулук жана достукка жатпаган көрүнүш” деп сыпаттады. Анын айтуусунда, 2-ноябрда түндө эшик бузулуп, ачкычы алмаштырылган:

-Биз муну түшүнбөй турабыз. Бул баскынчылыкка тете көрүнүш. Балким адашуу болгондур, түшүнбөй калдык,- деди Никитин.

Москва бийлиги кеңсе ижара акысы төлөнбөгөнүнө байланыштуу жабылганын билдирүүдө. Ал эми уюм жетекчилиги бул имаратта 20 жылдан бери иштеп келатышканын, төлөмдөр убагында жасалганын белгилейт.

Эшикке жабыштырылган кагазда кызматкерлер ижара берүүчү менен байланышы керектиги жазылган.

XS
SM
MD
LG