Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:50

Казакстанда белгилүү актер кармалды


Тунгышбай Жаманкулов.
Тунгышбай Жаманкулов.

Казакстандык актер жана продюсер Тунгышбай Жаманкулов “Феникс” тасмасын тартууга багытталган каражатты уурдоого айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары Коррупцияга каршы аракеттенүү бюросуна таянып билдиришти.

Шектүү 69 миллион теңгени өзү түзгөн Т.К.Turan Universal Business фирмасы аркылуу кымырып алганы айтылууда.

Тунгышбай Жаманкулов мурдараак Театр ишмерлер биримдигинин төрагасы катары маданият жана спорт министрин сексуалдык ыдык көрсөткөн деп күнөөлөгөн жаш актрисаны колдоп чыккан.

XS
SM
MD
LG