Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Тажикстанда Улут көсөмүнө акарат келтиргендер камалышат


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстан өкмөтү шейшембиде Улут көсөмүнө коомчулук алдында акарат келтиргендерди жазалоо тууралуу токтомду жактырды. Кылмыш кодексинин 137-беренесин өзгөртүү боюнча документке Эмомали Рахмон 13-октябрда кол койгон.

Президентти – Улут көсөмүн эл алдында мазактагандар жана ага жалган жалаа жапкандар беш жылга түрмөгө түшөт. Интернетте жана башка маалымат булактарында жамандагандарга да жаза берилет.

Токтом эми парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Тажик парламенти былтыр декабрда Эмомали Рахмонго “улут көсөмү” деген наам ыйгарган. Бир апта мурун мамлекет башчы "Эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү" деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG