Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

ЖК Конституция өзгөртүүлөрүн Венеция комиссиясына жибербейт


Кыргызстан Баш мыйзамы.
Кыргызстан Баш мыйзамы.

Парламенттин Укук бөлүмү Жарандык көзөмөл комитетинин "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорду Венеция комиссиясына талдоого жиберүү сунушунан баш тартты. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин берген жообунда Кыргызстан эгемен өлкө болгондуктан, документти жиберүүгө негиз жоктугу белгиленген.

«Кыргызстан тышкы жана ички саясатты өз алдынча жүргүзөт. Башка мамлекеттер, айрыкча эл аралык уюмдардын өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүгө укугу жок», − деп айтылат анда.

Ошондой эле парламент төрагасы өзүнүн атынан расмий түрдө Венеция комиссиясына өтүнүч жолдоого милдеттүү эместигин билдирген.

Буга чейин Венеция комиссиясы Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр аткаруу бийлигин күчөтүп, парламент менен сот системасынын таасирин азайтарын жарыялаган. Венеция комиссиясына эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов да кайрылып, Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча эксперттик корутунду берүүнү өтүнгөн эле. (NT)

XS
SM
MD
LG