Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Бишкекте камактагы оппозициячыларды бошотууну талап кылган акция өтүүдө


Бишкекте өтүп жаткан митинг. 3-ноябрь, 2016-ж. Бишкек.
Бишкекте өтүп жаткан митинг. 3-ноябрь, 2016-ж. Бишкек.

Камактагы оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери, жарандык активисттер Бишкектеги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына чыгышып, аларды бошотууну талап кылышууда. Чогулгандар абактагылардын сүрөттөрүн жана "боштондук берилсин" деген ураандарды көтөрүп турушат. Ошондой эле алардын "саясий туткунга" айланганын айтышып, бийликти сотту ачык өткөрүүгө чакырышууда.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында УКМК кармаган. (NT)

XS
SM
MD
LG