Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

Атамбаев: ШКУ бекем болсо, дүйнө туруктуу болот


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 3-ноябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алган учурда билдирди. Мамлекет башчы премьер-министрлерди ШКУнун он бешинчи жыйынына келгенине ыраазылыгын айтты.

- Мен сиздерди көргөнгө кубанычтамын. Анткени биз баарыбыз бирге эбегейсиз чоң ишти жасап жатабыз. Менимче, бул дүйнөлүк масштабдагы иш – ШКУ канчалык бекем болсо, дүйнө дагы ошончо туруктуу болот, - деди Атамбаев.

Ал ШКУга мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн санынын өсүшү уюмдун бедели барган сайын артып жатканынан кабар берерин белгиледи. Атамбаевдин айтуусунда, Индия менен Пакистанды ШКУга кабыл алуу жөнүндө соӊку чечим уюмдун аброюн арттырууга өбөлгө түзөт.

Президент менен жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Кытайдын өкмөт башчылары, Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары, мындан тышкары ШКУнун баш катчысы Рашид Алимов катышты. (NT)

XS
SM
MD
LG