Пакистан ШКУга толук кандуу мүчө катары кирүү алдында турганын Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди.
-Пакистан уюмга кирүү менен өз салымын кошуп, ошол эле учурда ШКУнун эрежелерин урматтайт деп ишенем,- деди Медведев.
Ошондой эле 15 жылдан бери иштеп жаткан ШКУда дале болсо бүтө элек экономикалык маселелер көп экенин белгилеп, жолдорду өнүктүрүү, биргелешкен логистикалык борбор түзүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук көйгөйлөрү ыкчам чече турган маселелерге айланганын кошумчалады.
ШКУ жыйыны Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. (SDz)