Президент Алмазбек Атамбаев "Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзамга 3-ноябрда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Анда Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү 11-декабрда жалпы элдик добушка коюу маселеси камтылган.
Документ 2-ноябрда Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Кыргызстанда 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтөт. (NT)