Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Үмөталиева: укук коргоо органдары менин күнөөмдү далилдесин


Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Ысык-Көл облусунун тургунун сабоого шектелип жатат деген маалыматты четке какты. Анын айтуусунда, милиция азыркы кезге чейин коюлуп жаткан айып тууралуу укук коргоочуга кабарлай элек:

- Алар биринчи ал аялды ким сабаганын аныктасын. Мен эч кимге кол көтөргөн эмесмин. Үч күндөн бери милиция кызматкерлери эмнеге мага бир жолу чалып коюшпайт? Мунун артында менин укук коргоочулук ишмердигиме байланышкан аракеттер турат. Булар Молдобекованын үйүн басып алууну көздөшкөн.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы укук коргоочу 1-ноябрда башкалаада 54 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургунун сабады деп шектелип жатканын кабарлаган.

Чырга Жогорку Соттун Молдобекова аттуу жаранга таандык үйдү жабыркаган аялды кошкондо төрт адамдын пайдасына чечип бергени себеп экенин, 1-ноябрда турак-жайды бошотуп алуу максатында баргандарга ээси каршылык көрсөтүп, укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны чакырган учурда ал аялдардын бирин сабаганын маалымдаган.

Милициянын билдиришинче, азыр окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG