Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

AAN: Гуантанамодогу сегиз ооган жараны негизсиз кармалган


Ооганстандын сегиз жараны АКШнын Кубадагы Гуантанамо абагына негизсиз камалганын ооган бейөкмөт уюму жаңы баяндамасында билдирип чыкты.

“Ооганстандын аналитикалык түйүнү” (AAN) деп аталган изилдөө тобу Гуантаномодо эң узакка отурган сегиз ооган жаранынын ишин иликтеп, анын негизинде “Кубадагы Кафка, Оогандыктардын Гуантанамодогу тажрыйбасы” аттуу баяндамасын жарыялаган. Анда АКШ абактагы бул адамдарга коюлган айыптарды негиздеп бере албаганы белгиленген.

Уюмдун маалыматы боюнча, ал туткундардын айрымдары дале абакта кармалып турса, кайсы бири Бириккен Араб Эмираттарына жөнөтүлгөн болушу мүмкүн.

АКШ президенти Барак Обама бийликтен кеткенге чейин Гуантанамо абагын жабууга убада берген. Ага ылайык, абактагы коркунуч туудурбаган адамдарды чет өлкөлөргө жөнөтүү процесси башталган. Гуантанамодогу 781 адамдын чейрек бөлүгүнөн ашыгын (220) ооган жарандары түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG