Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Хакерлер Путиндин жардамчысыныкы делген каттарды жарыялады


Владислав Сурков (солдон биринчи).
Владислав Сурков (солдон биринчи).

Украиналык хакерлер орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурковго байланышы бар экинчи электрондук почтаны бузуп кирип, Кремлдин Киевдин ишине кийлигишкени тууралуу далилдерди тапканын билдиришти.

“Эркин Европа / Азаттык радиосу” документтер жарыяланар алдында аларды карап чыккан. Эгер ал электрондук каттар чын болсо, анда 2014-жылы Украинанын чыгышында жикчил анклавдарды түзүүдө Сурковдун кеңсесинин чон роль ойногону тууралуу маалыматтар айтылат.

Электрондук каттарда Сурковдун жардамчылары Украинанын чыгышындагы Харьков аймагын туруксуздаштыруу планын түзгөнү, украин саясатчыларын изилдеп чыгышканы жана Донецк менен Луганскиде жикчил топтордун башкаруусун түптөөгө жардам бергени белгиленген.

Бир жума мурда да хакерлер Сурковго тиешеси бар делген электрондук почтанын каттарын жарыялашкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG